14-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында Борбор Азия + Россия форматындагы VI жолугушуу өттү. Ага Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов катышты.
Күн тартибине Россия + Борбор Азия саммитинин биринчи жолугушуусунда (2022-жылдын 14-октябрында Казакстандын Астана шаарында өткөн) жетишилген алты тараптуу кызматташтыктын келечектеги багыттары коюлган. Анда Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, энергетика, транспорт, гуманитардык жана миграция тармактарындагы алакалары жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.
Иш-чаранын катышуучулары "алтылыктын" кызматташтыгына оң баа берип, анын негизинде союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк турат деп белгилешти. Мындан тышкары, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланды. Ошол эле учурда Афганстандагы кырдаалдын оордугуна токтолушуп, анын коңшу өлкөлөргө тийгизе турган таасирине көңүл бурушту.
Россиянын тышкы иштер министри Украинанын айланасында болуп жаткан окуяларга Москванын баасы жана ага карата аракеттери жөнүндө кесиптештерине маалымат берип өттү.
Лавров Россия стратегиялык туруктуулук боюнча көйгөйлөрдү кандай чечерин түшүндүрдү.
Коопсуздуктун жана өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарына негизделген Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери жүргүзгөн тышкы саясаттын колдоосуна, Россия менен бардык маанилүү тармактарда ар тараптуу кызыкчылыктагы кызматташтыктарды сактоого басым жасалды.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушууда жана андан кийинки брифингде айткан сөздөрүнүн урунттуу учурларын тезис катары беребиз:
Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын улуттук кызыкчылыктары окшош жана биринчи кезекте ал аймакты туруктуу өнүктүрүүнү көздөйт. Олуттуу геосаясий абалга карабастан алакалардын бекемделип жаткандыгы абдан маанилүү;
Россия өзүнүн аскердик-саясий жана дипломатиялык пландарында Батыштын Грузияда, Молдовада "экинчи фронтту", ошондой эле Польшанын аскердик контингентин Беларусь менен чек арасына түзүү аракеттерин эске алууда. Бул факторлордун баарын көрүп турабыз;
Дүйнөлүк соода жүргүзүүдө өз ара эсептешүүлөрдө долларды колдонуудан баш тартуу тенденциясы жүрүп жатат. Бул тенденция токтоп, мурдагыдай абалга келбейт. Америкалыктар өздөрү отурган бутакты өздөрү кесип салышты. Доллардан кача башташты, азырынча процесс жайыраак болуп жатат, бирок алдыда күчөйт. Ошондуктан чектөөлөрдүн жолу – жарга алып баруучу жол.