Радио

Тоялиев: окуу китептери талданып, өзгөртүүлөр киргизилет

Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев окуу китептерин түздөн-түз предметтик мугалимдер менен чогуу талкуулап, өзгөртүү киргизүү практикасы буга чейин болбогонун айтты.
Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин талдап, анализ жүргүзүп азыркы шартка ылайыкташтырат. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага тажрыйбалуу педагогдор, практик мугалимдер кирген. Бул тууралуу Самат Тоялиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми окуу китептеринин авторлору менен жолугушуп, комиссия мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде окуу китептерине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүргүзүлөт.
"Биз быйыл жаңы окуу жылына карата мектептерге сунушталуучу окуу китептеринин тизмесин түзүп, алардын сапатын арттыруу максатында алгачкы ирет демилге көтөрүп, ишке ашырдык. Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин талдоону уюштуруп, атайын комиссия түзгөн. Ага 100дөн ашык тажрыйбалуу педагог, практик мугалимдер кирген. Окуу китептерин түздөн-түз предметтик мугалимдер менен чогуу талкуулап, өзгөртүү киргизүү практикасы буга чейин болгон эмес. Эми окуу китептеринин авторлору менен жолугушуп, комиссия мүчөлөрү берген сунуштардын негизинде окуу китептерине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүргүзүлөт. Мектептерге сунушталуучу окуу китептеринен тышкары, окуучулар эми кошумча материалдарды да алышат", — деди Тоялиев.
Ошондой эле адис башталгыч класста окуган окуучуларга арналган окуу китептеринин жетишпестиги байкалып жатканын кошумчалады.