Радио

1-класска электрондук каттоо жеңилдеди, документ бир учурда гана суралат

Билим берүү жана илим министрлигинин санарип трансформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Шаршенбай уулу 1-класска электрондук каттоо тууралуу айтып берди.
Sputnik
Мектепке электрондук каттоо болушунча жеңилдетилип, документ бир гана учурда талап кылынат. Бул тууралуу Нурлан Шаршенбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, порталдын ичинде каттатуу үчүн жасала турган бардык кадамдардын инструкциясы видео жана текст түрүндө бар.
"Баланы 1-класска каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg порталына кирүү зарыл. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилди. Бир гана жагдай, эгерде ата-эненин укугу мыйзамдуу өкүлгө өткөн болсо, соттун чечимин тиркөө зарыл. Мындан башка учурда ата-эне бир дагы документти тиркебейт. Анткени быйыл система "Түндүк" порталы менен интеграцияланган. Натыйжада ата-эне ПИНди (жеке идентификациялык номер — ЖИН) киргизгенде эле катталган жери, дареги, микроаймагы, мектеби автоматтык түрдө аныкталып калат. Былтыр паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жеринен маалым катты сканерленип тиркелчү", — деди Шаршенбай уулу.
Ошондой эле ал бул жараян үчүн жарандын биометрикадан өткөн-өтпөгөнү маанилүү эместигин кошумчалады.