Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 1, 5, 8, 9-май майрам күндөр болгондуктан иштебейт. Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
1-май — Эмгекчилердин күнү;
5-май — Конституция күнү;
8-майдагы (дүйшөмбү) иш күн 13-майга которулат;
9-май — Жеңиш күнү.
Майдын биринчи декадасында эл катары менен беш күн эс алат (5-6-7-8-9-май).
Май айында ишемби, жекшембини кошкондо кыргызстандыктар 11 күн эс алат.
Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, катуу жаан жаайт