12 кызматкерге көмүрдүн сапатын текшерүүчү жабдуу менен иштөөгө укук берүүчү сертификаттар тапшырылды. Министрликтин эми күлдүн, нымдуулуктун, калориялуулуктун, көмүртектин жана күкүрттүн курамын аныктоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Гүлнура Ыбыкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жер ресурстарына мониторинг жүргүзүү бөлүмү топурак, аба жана суунун сапатын текшерип, өлкөдөгү ишканалардын экологияга тийгизген таасирин текшерип турат.
"Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория салтанаттуу ачылды. Департаментке компьютерлер жана принтерлер берилди. Ал эми 12 кызматкерге көмүрдүн сапатын текшерүүчү жабдуу менен иштөөгө укук берүүчү сертификаттар тапшырылды. Биздин эми күлдүн, нымдуулуктун, калориялуулуктун, көмүртектин жана күкүрттүн курамын аныктоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экологиялык мониторинг департаменти башында Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Инспекциялык жана аналитикалык контролдоо борбору катары 1990-жылдан бери иштеп келген. Бирок каржылоонун, адистердин жетишсиздигинен жана имаратта оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн эл аралык стандарт боюнча аккредитациялоо процедурасына кайрыла алган эмес. 2022-жылы документтер иштелип чыгып, департаменттин ишмердүүлүгүнө сапат менеджменти системасы киргизилип, министрликтин алдындагы тармактар аралык окуу борборунда адистер окутулуп, тиешелүү сертификаттарды алышты. Ошондой эле департаменттин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берген лабораториялык эмерек, көмүрдүн сапатын аныктоочу жаңы жабдуулар Жаратылышты өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, баланска өткөрүлдү", — деди Ыбыкеева.
Ал бардык айтылган пунктуларды ишке ашырууга 19 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.