БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган документке ылайык, электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2,16 сом болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйынды түзөт. Ал эми электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.
Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн зарыл болуп жатканы белгиленди.