Эмдөө жасалат. Бишкектин конуштарында көчмө мобилдик клиника уюштурулду

Мындай иш-чара жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектин жаңы конуштарында жашаган, медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды (балдарды жана чоңдорду) профилактикалык эмдөө үчүн көчмө мобилдик клиника уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
1 / 4

Бишкектин жаңы конуштарында жашаган, медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды (балдарды жана чоңдорду) профилактикалык эмдөө үчүн көчмө мобилдик клиника уюштурулду

2 / 4

Иш-чара 11-апрелде башталган

3 / 4

Ал жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эмдөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат

4 / 4

Мындан тышкары, аталган кампаниянын алкагында ички мигранттар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР дарыгери жана үй-бүлөлүк дарыгер сыяктуу адистердин кеңешин алса болот.

Иш-чара 11-апрелде башталган. Ал жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эмдөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.
"Көчмө мобилдик клиника №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылып, Дордой, Ак-Жар, Келечек конуштарынын тургундарын кабыл алууда. Андан ары мобилдик клиника шаардын башка калктуу конуштарында дагы уюштурулат", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, аталган кампаниянын алкагында ички мигранттар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР дарыгери жана үй-бүлөлүк дарыгер сыяктуу адистердин кеңешин алса болот.
Өлкөдө эмдөө маселеси боюнча ишеним телефондор иштей баштады