БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик кагылышуусунда жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген 200 миң сомдук кредиттер жоюлат. Бул тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Финансы министринин орун басары Улукбек Календеровдун айтымында, 75 ишкерге 0,1 пайыздык үстөк менен 200 миң сомдон насыя 3 жылдык мөөнөткө берилген. Жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.
Мындай чара олуттуу зыянды эске алуу менен ишкерликти тез арада калыбына келтирүү максатында жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгына байланыштуу сунушталууда.