Мамкурулуш: Баткенде 100дөн ашуун үйдүн курулушунан кемчиликтер аныкталды

Кээ бир үйлөрдүн ичин текшергенде терезелеринен суук кирип көгөргөн учурлар аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов Баткенде талкаланган үйлөрдү курууда 100дөн ашуун турак жайдан кемчиликтер аныкталганын билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 332 үй толук бүткөн, анын 200дөн ашуунуна тургундар кирип жашап жатат.
"Калган 100дөн ашуун турак жайда кошумча жумуштар пайда болуп, ошолорду оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Курулуш иштери кыш мезгилинде жасалгандыгына байланыштуу кошумча жасала турган иштер аныкталган. Кээ бир үйлөрдүн ичин текшергенде терезелеринен суук кирип көгөргөн учурлар чыккан. Ушул сыяктуу кемчиликтерди комиссия аныктап, калыбына келтирүүгө тапшырма берген", — деди Акимов.
Буга чейин өкмөт Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга 1,3 миллиард сом бөлүнөрүн билдирген. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган.
Баткенде үйлөрдүн курулушу эмнеге кечеңдегенин текшерүү үчүн комиссия түзүлөт