Радио

Бабажанов: энедеги аз кандуулук балада талма оорусун шартташы мүмкүн

Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов талма оорусу тукум кууй турганын айтты.
Sputnik
Талма тукум кууйт. Бирок бул ата-энелердин бирөөсүндө бар болсо баласы сөзсүз түрдө талмага чалдыгат дегенди түшүндүрбөй турганын Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үч жашка чейинки наристелерге талма диагнозу коюлбайт.
"Талманы оору деп айтуу мүмкүн эмес дээр элем. Коом муну бир илдет катары кабыл алат, бирок талмасы барларды оорукчан деп эсептөөгө болбойт. Бул жөн гана адамдагы абал, ушундай кабыл алуу керек. Алар деле кадимкидей жашай алышат. Болгону учурунда дарысын ичип турушу зарыл. Ал эми пайда болуу жолдору тууралуу айтсак, талманын өзү тукум кууйт. Генинде болсо ал кайсы бир муунда чыгышы мүмкүн. Бирок бизде жаш балдар карышып, тырышып калган учурда деле талмасы бар экен дей беришет. Медицинада үч жашка чейинки балдарга талма деп так диагноз коюлбайт. Эгер баланын дене табы көтөрүлсө, булчуңдары тырышышы мүмкүн. Бул талмага кирбейт. Талма генинде бар болсо ал кандайдыр бир сырткы таасирлерден ойгонуп кетиши ыктымал. Анда да узак изилдөөлөрдөн, байкоолордон соң гана талма же талма эмес экени аныкталып, ошого жараша дарыланат. Тукум куугандан сырткары кош бойлуу аял аз кандуулуктан жабыркаса бул да төрөлгөн балада талманын болушун шартташы мүмкүн. Анткени түйүлдүккө өрчүп жаткан учурунда кислород жетпей калган болот. Мындан сырткары, түрдүү инфекциялардан арылбай туруп эле кош бойлуу болгон учурда да балада талма пайда болуу коркунучу жаралат", — деди Бабажанов.
Ал ата-энелерди дени сак бала төрөлүшү үчүн кош бойлуулукка олуттуу көңүл буруп, даярданууга чакырды.