БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Иликтөө боюнча федералдык бюро (ФБР) Пентагондун жашыруун маалыматтарынын тарап кетишине шектүүнү кармады. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
The Washington Post басылмасы аталган чыр боюнча 21 жаштагы шектүү Жек Тейшейрдин Массачусетс штатында Улуттук Гвардиянын Аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөөрүн жазган.
The New York Times гезитинин берген маалыматында америкалык аскер ведомствонун документтери пайда болуп калган Thug Shaker деп аталган оюн чатын башкаргандыгын жазган. Ал чатта 20-30га чукул адам болгон. Жоокердин жашыруун документтерди алууга мүмкүнчүлүгү болгон-болбогону азырынча так эмес.
Буга чейин ЖМКлар Пентагон Украинадагы аскерлердин абалы жана аларды күчтөндүрүүнү көздөгөн Вашингтон менен НАТОнун пландары жазылган документтердин социалдык тармакка чыгып кетиши боюнча иликтөө жүргүзөрүн жазышкан. Интернетке 100дөн ашуун документтин тарашы жана анын келтирген зыяны оңбогондой эле болушу ыктымалдыгы айтылган.
Ак үй интернетке чыгып кеткен маалыматтар жашыруун документтердин дал өзү экендигин тастыктоодон жана эмне үчүн мындай болуп кеткени боюнча теорияны айтуудан баш тартты. Юстиция министрлиги аталган окуя боюнча иликтөөсүн баштаган.
Москва бул дезинформация ниетинде атайылап жасалгандыгын четке какпайт.
Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков АКШ чатактын катышуучусу экендигин жана негизи Россияга карата гибриддик согуш жүргүзүп жаткандыгын, мунун ичинде ошол сыяктуу ыкмалар да болушу мүмкүндүгүн айткан.