15-апрелге карата аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарында +15...+20 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +18...+20 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.
Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, катуу жаан жаайт