Самаркандда Кыргызстандын төрагалыгы менен КМШнын ТИМ башчыларынын жыйыны өтөт

Министр Жээнбек Кулубаев учурда Самаркандда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 14-апрель күнү Өзбекстандын Самарканд шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтө турганын ТИМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйын Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтөт. Министр Жээнбек Кулубаев учурда Самаркандга келгени айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана Шериктештиктин алкагындагы кызматташууну талкуулап, КМШнын өлкө башчылары менен өкмөт жетекчилеринин кеңешинде кабыл алынган чечимдердин долбоорлорун карашмакчы.
"Министр Кулубаев министрлердин жыйынынан кийин Борбордук Азия жана Россия ТИМ башчыларынын алтынчы жолугушуусуна катышат. Анда аталган форматтын алкагында орчундуу маселелердин талкууланышы күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кулубаев иш сапарынын учурунда бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
Россиянын 2 млрд. долларлык долбоорлору КРде ишке ашып жатат