WhatsApp тиркемесинин көптөн күткөн функциясы пайда болду

Азырынча бул функция сыноо иретинде гана иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери колдонуучуларга бир эмес, төрт смартфондон жана/же планшеттен аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу "Лайфхакер" кабарлады.
Кеп WhatsApp Beta тиркемесинин 2.23.8.2 номурлуу функциясы тууралуу болуп жатат. Ал анчейин туруксуз болбогондуктан, азырынча катардагы колдонуучуларга сунушталбайт. Болбой эле байкап көргүсү келгендер бул шилтемеге кириши керек.
Бирок азырынча ушул версияда гана "Привязка устройства" опциясы бар. Ал төмөнкүчө иштейт:
WhatsApp тиркемесин экинчи смартфонго жүктөп алуу;
телефон номерин киргизүүнү суранган терезенин жогору жагындагы үч чекит түрүндөгү менюну басыңыз. "Привязка устройства" опциясын тандасаңыз, QR-код пайда болот;
негизги аппараттагы WhatsApp тиркемесин ачып, жөндөөлөрдөн "Связанные устройства" бөлүмүн тандаңыз;
негизги смартфон менен экинчи телефондон QR-кодду сканерлеңиз.
Андан кийин бардык чаттар эки телефондун ортосунда синхрондолот. Кошумча смартфондорду же планшеттерди туташтыруу менен процедураны дагы үч жолу кайталасаңыз болот.
Бул функция WhatsApp тиркемесинин туруктуу версиясында качан пайда болору азырынча белгисиз.
Радио
IT-адис: WhatsApp тиркемесиндеги жазышуулар жашыруун деген ой — жаңылыштык