Россотрудничество Европадагы өкүлчүлүктөрүнүн иштебей калышы боюнча үн катты

Россотрудничество өзү демилгечи болуп эч нерсени жаппастыгын, бирок орус маданиятын, тилин, адабиятын жок кылгысы келгендерге жардамчы болбостугун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Русский дом" уюмдарынын Словениядагы, Словакиядагы, Хорватиядагы, Черногория, Македония, Румыниядагы иши токтотулуп, алардын ресурстары Африканын, Азиянын жана Латын Америкасынын өлкөлөрүнө которулат. Бул туурасында Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков айткандыгын РИА Новости жазды.
"Словениядагы, Словакия, Хорватия, Черногория, Македония, Румыниядагы иштерибиз токтотулду. Мунун баары, албетте, биздин каалообуз менен жасалып жаткан жок. Кээ бирлери алардын өкмөтү маданий борборлордун байланышы боюнча өкмөт аралык макулдашууларды үзөрүн айтты, кайсы бир жерлерде кызматкерлерибиз элчиликте каттоодон өткөндүктөн дипломаттарыбызды чыгарган кезектеги кадамдарга тушугуп жатабыз. Ишти токтотконго туура келди", — деген Примаков.
Ал Россотрудничество өзү демилгечи болуп эч нерсени жаппастыгын, бирок орус маданиятын, тилин, адабиятын жок кылгысы келгендерге жардамчы болбой турганын кошумчалады.
Примаков ведомство ресурстарын азыр приоритетте турган Африканын, Азиянын жана Латын Америкасынын өлкөлөрүнө которо тургандыгын айтты.
Европадагы россиялык маданий борборлор, уюмдар басымга кабылууда. Буга чейин Румыниянын ТИМи РФтин Бухаресттеги элчисине алардын өлкөсүнүн бийлиги россиялык маданий, илимий борборлорду жабуу чечимин кабыл алганын маалымдаган. Андай борборлор туура эмес маалыматтарды таратып, пропаганда менен алектенет деген кине тагышкан. Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов РИА Новостиге Россия ТИМи менен агенттик Румыниядагы "Русский дом" уюму жабылгандан кийинки кадамдарды иштеп чыгып жатканын айткан.
Жамалдинов Россиядан келген делегация менен Ошко мектеп курууну талкуулады