Парламентте бала төрөлгөндөн баштап депозиттик эсеп ачуу сунушталды

Депутаттар 18 жаштан баштап бала жогорку окуу жайда окуу акысын төлөй алат же ипотекага турак жай сатып алат деп ишенет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Парламентте депутаттар жаңы төрөлгөн ар бир балага банктан атайын депозиттик эсеп ачууну сунуштады.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, балага мамлекет жана ата-энеси тарабынан акча каражаты чегерилип, ал 18 жашка чейин топтолот. Ошондой эле жетим балдарга дагы кайрымдуулук фонддору тарабынан акча салынат.
18 жаштан баштап бала жогорку окуу жайда окуу акысын төлөй алат же ипотекага турак жай сатып алат.
Эл өкүлү КРдин Конституциясында мамлекет ар бир баланын билим сапатына кам көрүшү керектиги жазылганын белгиледи.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Финансы министрлиги бул демилгени ишке ашыруу үчүн жылына 11 миллиард жумшаларын айтты. Ал 2024-жылдан тарта ишке аша баштайт.
Кыргызстанда 1-июндан тарта жөлөк пулдарды көбөйтүү сунушталды