Ошто эки адам экстремисттик жана террордук уюмдардан баш тартты

Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин туура эмес багытта баратканын сезишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ошто эки адам диний экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдардын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
Анын алкагында, 12-апрелде А.Р.А. аттуу жаран "ХТИ" диний-экстремисттик уюмуна, М.Ф.Х. "ИГ" эл аралык террористтик уюмуна мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышкан. Ага чейин аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар. Тизме