БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Mega соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясы 14,6 миллиард сомго бааланды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 13-апрелде, компаниянын 100 пайыздык акциясын баалоону камсыздоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн.
"Альфа Телекомдун" базар баасы казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги тарабынан аныкталган. Натыйжада 170,3 миллион доллар же 14,6 миллиард сом деп бааланган.
"Ведомстволор аралык комиссиянын курамына ЖКнын бир нече фракциясынан депутаттар кирген. Кечээ Мамлекеттик мүлк фондунда Mega компаниясына баалоо жүргүзгөн көз карандысыз компаниялар отчетун берди. Аны комиссия базар баасына туура келет, реалдуу баа деп колдоп ошол бааны бекитти", — деди Акаев.
Бирок депутат каршы добуш бергенин айтты. Себеби ал бул уюлдук оператордун тагдыры Ширшовдордун колуна өткөнү жатат деп шектенүүдө.
"Ушинтип бааланып туруп, Mega Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берилет. Мен муну менен ишкана Алексей Ширшовдордун колуна биротоло өткөнү калганын сезип жатам. Ушуга карай баратат", — деди депутат.
Эске салсак, "Альфа Телеком" ишканасынын 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу (19 миллиард сом жана 13,5 миллиард сом) өзгөргөн.
Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда "Альфа Телеком" ишканасын сатуу маселеси кайрадан көтөрүлгөн.