Радио

IT-адис: Интернетке акча төлөгөндүн ордуна андан каражат табуу керек

IT-адис жана ишкер Мунарбек Мавлянов азыркы кезде IT тармагындагы билим баары үчүн керектигин айтты.
Sputnik
Дүйнөдө технология өтө тез ылдамдыкта өнүгүп, бардык нерселер автоматташтырылып, жашоону жеңилдетүүгө тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын Мунарбек Мавлянов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда IT тармагында билим алуу муктаждыкка айланып баратат.
"Бүгүнкү күндө каалайбызбы, каалабайбызбы, дээрлик бардык жумуштар Интернет аркылуу бүтүп калды. Мисалы, жөнөкөй эле акча которуу кызматы үчүн тиркемелерди билүү жана аны колдонуу зарыл. Башкача айтканда, IT тармагы боюнча базалык билимдин болушу ар бир адам үчүн тандоо эмес, муктаждыкка айланды. Дүйнөнү электроника каптап, анын бир бөлүгү болууга мажбур болуп жатабыз. Көпчүлүгүбүз Интернет үчүн эле күнүбүздүн 5-6 саатын уттуруп, андан эмнени көрүп же окуп жатканыбызга маани деле бербейбиз. Интернетке акча төлөгөндүн ордуна андан каражат табууну өздөштүргөн оң", — деди IT адиси.
Ал ошондой эле жумушсуздук көйгөйүн IT тармагында билим алуу жолу менен азайтса болорун кошумчалады.