ТИМ: Ирактын абактарында жаткан 41 кыргызстандыкты кайтаруу аракети көрүлүүдө

Министрлик мындан эки жыл мурун 79 бала алып келингенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ушу тапта Ирактын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 41 жараны кармалып турат, аларды мекенине кайтаруу үчүн комплекстүү аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомство үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Ирактын абагында жазасын өтөп жаткан эки кыргызстандык репатриацияланганын белгилеген. Ал эми 2021-жылдын 16-мартында ТИМ "Мээрим" миссиясынын алкагында Кыргызстандын тийиштүү органдары менен биргеликте Ирактан 79 кыргыз баланы алып келгенин эске салды.
"Учурда аталган өлкөдө абакта кармалып турган 41 кыргызстандык жаран "Ирактын аймагында жасалган террордук актыларга" тиешеси бар деп айыпталууда", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ мекендештерди бошотуу үчүн комплекстүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын 60ы мекенине алып келинди