Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпионатынан 3 медаль утту

57, 67 жана 70 килограмм салмак категориясына чейинки балбандар килемге чыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, эркин күрөш боюнча кыргызстандык үч балбан Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынан күмүш жана коло медалдарга татыды.
Алгачкылардан болуп килемге Алмазбек Сманбеков чыкты. Ал алтын үчүн индиялык спортчу менен кармашып жеңилип калгандыктан күмүш медалга ээ болду. Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти.
Балбан Улукбек Жолдошбеков дагы олжолуу кайтты (67 кг). Ал өзбекстандык спортчу менен коло медаль үчүн беттешти. Эсеп 2:2 менен жыйынтыкталды. Соңку ыкманы кыргызстандык балбан жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.
Улукбек Жолдошбеков
Ал эми Орозбек Токтомамбетов (70 кг) ирандык каршылашын 2:1 менен утуп, коло медаль тагынды.
Орозбек Токтомамбетов