Бишкек ШИИББдин башчысына жетекчилиги чара көрдү

Жетекчинин айткан кеби үчүн митинг өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев соцтармактагы түз эфир учурунда айткан сөзү үчүн дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Кызматтык иликтөөдөн кийин министрликтин жетекчилиги ага эскертүү берди. Ал милициянын дисциплинардык уставынын бир катар пунктуларын бузганы белгиленди.

"Анын кээ бир айткандары коомдук резонанс жаратып, ички иштер органдарына жагымсыз кептердин айтылышына себеп болду", — деп айтылат ИИМдин чыгарган бүтүмүндө.

Буга чейин ШИИБдин башчысы түз эфирде жашы жете элек кыздар кишилер менен таанышып, өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барып, анан дайынсыз жоголгон окуялар катталып жатканын билдирген. Анын пикири соцтармакта секелек кыздарга карата жасалган кылмыштарга өздөрүн айыптоо катары кабылданып, сынга кабылды. Мындан улам ИИМ Ногойбаевдин үстүнөн ички иликтөө жүргүзүп баштаган.
Кийин шаардык милициянын имаратынын алдында митинг өткөн. Ал эми Ногойбаев кечирим сураган.
Депутат: милиция психологиялык басым жасагандан кийин кыздар өзүнө кол салууда