Бишкектеги батирде баңгизат даярдап аймактарга тараткан балдар кармалды. Сүрөт

Январь айында Ошто күрмөгө катып баңгизат алып бараткан курьер кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги батирлердин биринен синтетикалык баңгизаттарды жасоочу лаборатория аныкталып, аны аймактарга жөнөтүүгө даярдалган ар кандай түстөгү 3 килограмм 324 грамм баңгизат табылды. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкектеги батирлердин биринен синтетикалык баңгизаттарды жасоочу лаборатория аныкталып, аны аймактарга жөнөтүүгө даярдалган ар кандай түстөгү 3 килограмм 324 грамм баңгизат табылды

2 / 4

Быйыл 9-январда Ош ШИИБдин кызматкерлери калаадан 20 грамм синтетикалык баңгизат катылган күрмөнү алып бара жаткан курьерди кармаган

3 / 4

Анын изи менен тыюу салынган затты даярдап, таратуучуларды табууга мүмкүн болгон

4 / 4

Баңгизат даярдагандардын экөө тең борбор калаадан кармалып, 1-апрелде Ошко алып келинип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Билдирүүгө ылайык, быйыл 9-январда Ош ШИИБдин кызматкерлери калаадан 20 грамм синтетикалык баңгизат катылган күрмөнү алып бара жаткан курьерди кармаган. Анын изи менен тыюу салынган затты даярдап, таратуучуларды табууга мүмкүн болгон.
"Бул фактынын артынан жүргүзүлгөн иш-аракеттер бүтүндөй бир лабораторияны, ири суммадагы наркотикалык заттарды табууга, каналды жабууга алып келди. Бишкек шаарынын 20 жаштагы Т.К.К. жана 19 жаштагы К.Т.Н. аттуу тургуну ижарага батир алып лабораторияга айландырганы аныкталды. Аны Кыргызстан боюнча синтетикалык баңгизаттарды таратуучу борборго айландырууну максат кылышкан. "Товарды" ар кайсы түскө боёп, ошого карап региондорго жөнөтүп турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Баңгизат даярдагандардын экөө тең борбор калаадан кармалып, 1-апрелде Ошко алып келинип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош милициясы жогорудагы факт кооптуу жагдай бар экендигинен кабар берерин эскертти. Андыктан ата-энелерге кайрылып, балдарынын жүрүм-турумуна тынымсыз көз салып, телефондон жазышууларын, социалдык түйүндөрүн такай көзөмөлдөп турууну өтүндү.
Аны менен катар жарандарды жергиликтүү милиция менен тыгыз байланышта болуп, түрдүү шек жараткан жагдайларга көӊүл буруп балдардын келечегине жана коопсуздугуна биргеликте кам көрүүгө чакырды.
Баңгизат сатуучулардын сабалышы: Бишкекте үч шектүү кармалды. Видео