Радио

Быйыл Кыргызстанда 1-класстар үчүн 186 миң орун берилди

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова 1-класска электрондук каттоо тууралуу айтып берди.
Sputnik
Быйыл 1-класстар үчүн республика боюнча 186 201 орун берилип, өткөн жылга салыштырмалуу 20 миңге көп болду. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каттоо жылдагыдай эле mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу жүргүзүлүүдө.
"Балдарды 1-класска кабыл алуунун биринчи этабы 26-июнга чейин созулат. Бул убакытта балдар мектепке жашаган (катталган) жери боюнча кабыл алынат. Ал эми экинчи этап 26-июндан 31-августка чейин созулат. Мында ата-энелер балдарын каалаган мектепке каттатса болот. Республика боюнча 1-класс үчүн 186 201 орун берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 миңге көп. Тийиштүү маалыматтар mektep.edu.gov.kg порталында дагы жайгаштырылган. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аны алып келген жарандын (ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү) паспорту, ал эми мыйзамдуу өкүлдүн соттун чечими болушу зарыл. Эгерде кыргыз жараны эмес болсо, калкты тейлөө борборлорунан ЖИН (ПИН) алышы шарт. Ошолорду жана телефон номерин, электрондук дарегин тиркейт. Катталуу өткөн жылдарга караганда кыйла жеңилдетилген. Жаран ПИНди жазганда эле тийиштүү участок чыгып, маалыматтарды киргизүүгө мүмкүн болот. Мыйзам боюнча, 6-7 жашка толгондор мектепке кабыл алынат. Эгерде бала жакынкы айларда алтыга чыга турган болуп ата-эне аны мектепке берүүнү чечсе, система беш жарым жаштан өйдө кабыл алат", — деди Кусеинова.
Ошондой эле ал кандайдыр бир себептер менен бала жети жаштан өтүп кетсе 1-класска райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү комиссия аркылуу кабыл алынарын кошумчалады.