Байден Британиядагы сапарда Сунакты четтетип түртүп... Оңтойсуз абалдын видеосу

Окуя Сунак баш болгон топ Байденди аскер аэродромунда тосуп алып жатканда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Улуу Британияга жасаган сапары учурунда премьер-министр Риши Сунакка урмат көрсөтпөгөн мамиле кылды. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып жазды.
Окуя Улуу Британиянын өкмөт башчысы Сунак баш болгон топ Белфасттын жанында Байденди аскер аэродромунда тосуп алып жатканда болгон.
"Жерге конгондон кийин АКШ президенти Улуу Британиянын өкмөт башчысын ары түртүп койду, көптөр мындан кемсинткен дипломатиялык ишаратты көрүштү", — деп белгилешти британиялык журналисттер.
Кадрдан Байден Сунак менен тез учурашып, андан соң саясатчыны колу менен четтетип түртүп коюп, Антрим боюнча падышалык өкүл Дэвид Маккоркелль менен саамга сүйлөшүп, андан кийин АКШнын аталган мамлекеттеги элчиси Жейн Хартлиге өткөн.
"Бул Риши Сунак үчүн өзгөчө учур болушу керек эле... Бирок премьер-министр ыңгайсыз абалда калды", — деп жазылган маалыматта.
Байдендин бүгүндөн тарта Улуу Британияда төрт күндүк сапары башталат. Ал эми протоколго жат келген мындай окуя Америка тарыхындагы эң улгайган президенттин биринчи ирет кабылган учуру эмес. Анткен менен жакында эле Байдендин 2024-жылдагы президенттик шайлоого камынып жатканы белгилүү болду, бирок азырынча талапкерлигин расмий түрдө коюуга даяр эмес экени айтылды.
Байден кайрадан "мүдүрүлдү": президенттин туулган күн ээсин куттуктаган видеосу