Экс-чалгынчы АКШ документтеринин ачыкталышы Россияга пайдалуу болорун айтты

Американын жашыруун документтеринин шардана болуп кетиши украин чатагынын багытын өзгөртөрү да айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын жашыруун документтеринин тарап кетиши Россиянын тыңчылыкка каршы туруусуна көмөктөшөт. Бул туурасында РИА Новости америкалык чалгындын мурдагы кызматкери, офицер Чарльз Моргандын айтканына таянып жазды.
"Мындай болуп тарап кеткенде адам өмүрүнө кооптуулуктар жаралат, андай нерселерди уюштуруп, маалыматтарды жайылтып жибергендер бул кайсы бир кишилерге кесепетин тийгизет деген нерсени ойлошпойт деле. Дагы бир жаман жагы, маалыматтарыбыздын ачыкталып кетиши — Россияга биздин мүмкүнчүлүктөрдүн дараметине байкоо салууга жакшы шарт жаратып бергени. Каршы чараларды кабыл алууга көмөктөшөт да, алардын пландары, кадамдары боюнча маалымдар болушубузду азайтат", — деген Морган.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы учкучу Винсент Айелло РИА Новостиге документтердин ачыкталып кетиши украин чатагынын багытын өзгөртөрүн айткан.
"Жогорку деңгээлдеги чечимдердин кабыл алынышы кабардар болууну талап кылат. Бул өз кезегинде жашыруун, коомчулукка айтылбай турган ыкмаларды жана талкууларды талап кылат", — деген ал.
Буга чейин ЖМКлар Пентагон Украинадагы аскерлердин абалы жана аларды күчтөндүрүүнү көздөгөн Вашингтон менен НАТОнун пландары жазылган документтердин социалдык тармакка чыгып кетиши боюнча иликтөө жүргүзөрүн жазышкан. New York Times басылмасы марттын башындагы дата коюлган документтер "россиялык өкмөткө ыктаган Telegram-каналдарда жайылып жатат" деген маалыматты берген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча суроолорго жооп берип жатып чатакка АКШ, НАТОнун түз же кыйыр тиешеси бардыгынан Москва шек санабай турганын белгилеген.
Ак үй интернетке чыгып кеткен маалыматтар жашыруун документтердин дал өзү экендигин тастыктоодон жана эмне үчүн мындай болуп кеткени боюнча теорияны айтуудан баш тартты. Алардын Юстиция министрлиги аталган окуя боюнча иликтөөсүн баштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинадагы америкалык аскерлердин билинип калганына түйшөлүүдө