БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Россия, Кытай жана Түндүк Корея лидерлерин абдан акылдуу адамдар деп эсептей турганын RT жазды.
Fox News басылмасына берген маегинде саясатчы "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү жардырууга да комментарий берген.
"Өлкөбүзгө көлөкө түшүргүм келбейт, андыктан жооп бербей эле коёюн... Ким жасабаганын айтайынчы: Россия", — деди Трамп.
Ал Россия, Кытай жана Түндүк Корея лидерлерин абдан акылдуу адамдар деп эсептей турганын белгилеген.
"Үчөө тең мыкты. Биздикилер андай боло албайт, болгон да эмес. Булар өз оюнундагы мыкты кишилер", — деди экс-президент.
Жардыруунун чоо-жайы
Былтыркы жылдын сентябрында россиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк РИА Новости Пентагон россиялык газ куурунун жардырылышына АКШнын эч кандай тиешеси жок деп актанып чыкканын жазды.