Бут кийимден чыккан акча. УКМКнын тергөөчү аялды кармаган видеосу

Кызматкер аялдын жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Ж.А.Т. аттуу тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Атайын кызмат тергөөчү аялдын кабинетин жана жеке буюмдарын ыкчам кызматкерлер тинтип жаткан видеону жарыялады. Анда комитеттин кызматкерлери спорттук бут кийимдин ичинен беш миң сомдук купюраларды тапканын көрүүгө болот.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Кара-Көлдө пара алып жаткан жеринен тергөөчү, адвокат жана аудитор кармалды