Радио

Сүт өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыяны кантип алса болот? Шарты

Айыл чарба министрлигинин агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн башкы адиси Дамира Аскарбекова сүт кластерин өнүктүрүү үчүн миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Sputnik
Сүт тармагында эмгектенген 1010 субъектиге 606 миллион 700 миң сом өлчөмүндө арзандатылган насыя берилди. Бул тууралуу Дамира Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Агроөнөр жай комплексин насыялоо долбооруна 2022-жылы 16 миллиард сом каралган.
"Социалдык маанилүү деп эсептелген тогуз азык-түлүктүн кластерин өнүктүрүүгө миллиард сомдон каралган. Анын ичинен сүт багытындагы фермерлерге 550 миллион сом, ал эми кайра иштетүүчүлөргө 450 миллион сом бөлүндү. Учурда аталган тармакта эмгектенгендерге алты пайыз менен беш жылга чейин жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Азыркы тапта 1010 субъектиге жалпы 606 миллион 700 миң сом берилди. Шарты боюнча фермерлер 300 миң сомго чейин үч жылга күрөөсүз ала алат. Күрөө койгондор беш миллион сомго чейинки сумманы беш жылга дейре алса болот. Ал эми кайра иштетүүчү ишканалар 150 миллион сомго чейин беш жылга алат. Бир жыл жеңилдетилген убак болуп, пайызын төгүп турат", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле ал учурда сүт кластерлерине 29 кайра иштетүүчүлөр киргенин кошумчалады.