Зулушев: Бөлтүрүк сурак бербей жатат, кымырылган акчанын 831 млн. сому өндүрүлдү

Шектүүлөр зыяндын ордун толук толтурбай, тергөө созулуп жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Баш прокурор Курманкул Зулушев "Кумтөр голд компани" ишканасындагы финансылык мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши кайсы стадияда турганын билдирди.
Анын айтымында, компаниядан 1 миллиард 146 миллион 449 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Бүгүнкү күндө анын 830 миллион 826 миң сому өндүрүлүп, мамлекетке кайтарылды.
"Тергөө абагындагы төрт кызматкердин экөө үй камагына чыкты. Ал эми Теңиз Бөлтүрүктү тергөөчүлөр кайрадан суракка чакырды, бирок билесиздер ал сурак берүүдөн баш тарткан. Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайызы кайтарылды. Кылмыш иштеринин тергөөсү аяктап калды, созулуп жаткандын бир гана себеби — зыянды ордуна коюу. Жакынкы арада биз сотко кетиребиз", — деди Зулушев.
Белгилей кетсек, Кумтөрдү сырттан башкарып турган Теңиз Бөлтүрүк былтыр 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Депутаттык комиссия Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” канча акчаны негизсиз алганын жарыялады