Тарых музейинде Элмирбек Иманалиевдин ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Кечеде акындын чыгармалары ырдалып, ырлары окулат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. КР эл артисти, залкар төкмө Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул туурасында "Айтыш" республикалык коомдук фонду билдирди.
Иш-чара Улуттук тарых музейинде 20-апрель күнү саат 15:00дө башталат. Кечеде Элмирбек Иманалиевдин чыгармалары ырдалып, ырлары окулат. Ошондой эле сүрөт көргөзмө да уюштурулары белгиленди.
Кечени "Айтыш" фонду жана "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фонду бергилекте уюштурууда.
Радио
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт