Радио

Итибаев: өлкөдө дүйнөлүк ири банктар иштегенде гана инвесторлор келет

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев Кыргызстандын туризминин потенциалын эске алып, инвестиция тартууга көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда дүйнөлүк банктардын жоктугу ири инвестиция тартууга тоскоол болууда. Анткени акчанын корголушуна мыйзам чегинде кепилдик зарыл. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ички инвестиция, саясий туруктуулук жана бюрократиялык процесстер так жүргүзүлгөндө гана чоң ишкерлер өлкөдө бизнес жүргүзө алат.
"Кыргызстандын туризминин потенциалы эбегейсиз. Биздин табият, маданият, жаратылыш көптү суктандырат. Өлкөгө келип, акчасын бизнеске салууга кызыкдар инвесторлор көп. Бирок бир топ факторлор аларды кооптондурууда. Кыргызстанда дүйнөлүк ири банктар барбы деп сурашат. Тилекке каршы, андай банктардын жоктугу ири инвестиция тартууга тоскоол болууда. Анткени мыйзам чегинде алардын акчасынын корголушуна кепилдик зарыл. Саясий туруктуулук жана бюрократиялык процесстер так жүргүзүлгөндө гана чоң ишкерлер өлкөдө бизнес жүргүзө алат. Ага карабастан ишкерлерге түзүлгөн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү айтып, өлкөгө тартууга аракеттер жакшы", — деди Итибаев.
Ошондой эле адис Кыргызстанды таанытууда маалыматтык саясатка көңүл буруп, үзгүлтүксүз иштер жасалышы керектигин кошумчалады.