Коргоо министрлиги аскерлердин "Какай", "Жай тур" деген командасын өзгөртөт

Мыйзам долбоору парламент тарабынан биринчи окуудан өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Коргоо министрлиги КР Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке алып келинип, биринчи окуудан өттү.
Ага ылайык, учурда катарда турган жерде салам айтуу үчүн улук зардал "Какай" деген команда берет, эми анын ордуна "Түз тур" деп айтуу сунушталууда. Ошондой эле аскерлер аскердик бөлүктөрдүн (кичи бөлүктөрдүн) зардалдары менен "Түз тур" же "Тур. Түз тур" (учурда "Какай" же "Тур. Какай") деген команда боюнча учурашуу каралган.
Аны менен катар "Жай тур" деген команданы "Эркин тур" деп өзгөртүү демилгеленген.
Аскерде кыйылган өмүрлөр: прокуратура 3 окуя боюнча иш козгоодон баш тартты