Кыргызстандыктарда интернет менен көйгөй жаралды. "Акнет" эмне дейт

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар эртең менентен бери интернет иштебей жатканын айтып арызданышууда.
"Акнет" компаниясы абоненттерине түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, жогору жактагы оператордун жабдыктарында техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу көйгөй жаралды. Мындан улам интернет менен ТВ иштебей калышы мүмкүн.
"Учурда калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку оператор ким экени такталган эмес, бирок кеп казакстандык операторлор жөнүндө болуп жатышы ыктымал.
Радио
IT-адис: WhatsApp тиркемесиндеги жазышуулар жашыруун деген ой — жаңылыштык