Радио

Аймактардагы ооруканаларда жаш дарыгерлерге муктаждык күч

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева өлкөнүн аймактарында иштеп жаткан дарыгерлердин басымдуу бөлүгү пенсия курагындагылар экенин айтты.
Sputnik
Медициналык окуу жайды бюджеттик негизде аяктаган бүтүрүүчүлөр региондордогу ооруканаларда эң аз дегенде эки жылча иштеп келиш керек. Мындай пикирин Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактардагы ооруканалар жаш дарыгерлерге муктаж.
"Бүгүнкү күндө медициналык окуу жайын бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн көбү шаардагы ооруканаларда иштеп калууга аракет кылат. Аймактарга барып иштегенди каалабай жатышат. Барган учурда да кайра келип алууда. Анткени ал жакта жаш дарыгерлер каалагандай шарт жок. Региондордогу ооруканалардын абалы заман талабына ылайык эместигин баарыбыз билебиз. Аймактардагы ооруканаларда көбүнчө пенсия курагындагы дарыгерлер эмгектенип жатышат. Ошондуктан жаш дарыгерлерди тартышыбыз зарыл. Бул үчүн тиешелүү тараптар менен бирге бюджеттик негизде медициналык жактан билим алган жаштарды эң аз дегенде эки жылга айылдык, райондук жана облустук ооруканаларда эмгектенүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек", — деди Ибраева.
Ал ошондой эле элеттеги ооруканалардын эскилиги жеткенин кошумчалады.