Бишкекте 9-май күнү "Өлбөс полктун" жүрүшү өтөт

Уюштуруучулар акцияны саясатташтырбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте Улуу жеңиш күнүн утурлай 9-май күнү "Өлбөс полк" жүрүшү болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Акция эртең менен саат 10:00дө Түштүк дарбазадан ("Жеңиш" паркы) башталат.
"Ардагерлердин портреттери менен, портрет жок болсо жакшы маанайда гүл көтөрүп алып катарга кошулуңуздар", — деди уюштуруучулар.
Ош жана башка шаарлардагы жүрүш боюнча кийинчерээк маалымат берилет. Уюштуруучулар акцияны саясатташтырбоого чакырды.
"Өлбөс полк" — бул саясат жөнүндө эмес. Мында Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы түрдүү улуттагы фронтчулардын эрдиктери эскерилет. Акциянын уставында так ушул нерселер жазылган", — деп билдирди уюштуруучулар.
Алар ошондой эле Улуу жеңишке тиешеси жок желектерди, символдорду колдонбоого чакырды.
Кыргызстандыктар Москвада өтө турган "Өлбөс полк" долбооруна катыша алат