70 миң сомго аскердик билет берген программа сунушталды. Кимдерге тиешелүү?

Долбоордо ден соолугуна байланыштуу аскерге барбай калган жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Коргоо министрлиги 70 миң сом төлөп аскердик билет алууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган демилге бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Анда ден соолугуна байланыштуу аскерге барбай калган жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу каралган.
"Ден соолугуна байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөрү бар адамдар аскердик кызматка чакырылбай же аскердик билет ала албай жатышат. Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен жарандардын аскердик кызматын өтөөгө болгон конституциялык милдеттерин ишке ашыруу зарыл. Мындай максатта жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу, запастагы офицерлерди даярдоо программасы сунушталууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Мындай кызматка жогорку билими бар, 30 жашка чейинки адамдар кабыл алынат. Алардын саны жылына 200дүн тегерегинде болору болжолдонууда.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары бүткөндө, офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Программанын убактысы 30 күн, ал үчүн 70 миң сом төлөө талап кылынат. Бул каражаттын 49 507 сому республикалык бюджетке которулса, 20 493 сому аскерлердин муктаждыктарына жумшалат.
"Эгерде ушул ченем кабыл алынса бир жылда даярдалуучу офицердик курамдын аскердик-окутулган резервинин саны көбөйөт. Ушул категориядагы жарандарды резервдик түзүлүштөрдүн командалык курамын комплекттөө үчүн орукту камсыздоо бөлүктөрүнө дайындоону пландаштырууга болот", — деп жазылган долбоордо.
Мындай программанын алкагында жылына 14 миллион сом түшөрү болжолдонууда.
Коргоо министрлиги аскерлердин "Какай", "Жай тур" деген командасын өзгөртөт