5,5 миллиард сом. Зулушев кайсы орган мамлекетке канча акча өндүргөнүн айтты

Эң эле көп сумма прокурорлор тарабынан өндүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Укук коргоо органдарында 2022-жылы тергөөсү аяктаган кылмыш иштеринен жана иш козгоодон баш тартууда мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 7 миллиард 906 миллион 713 миң сомду түздү. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте билдирди.
Аталган чыгымдарга жол берген тараптардан 5 миллиард 562 миллион сом өндүрүлгөн.
Анын ичинен:
Прокуратура — 4 миллиард 296 миллион сом;
Ички иштер министрлиги — 25 миллион 489 миң сом;
УКМК — 1 миллиард 240 миллион сом.
Ошондой эле былтыр прокуратура органдары 4 996 кылмыш ишин тергегенин белгиледи. Ал эми 1 630 иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 780и соттук кароого жиберилип, 850 иш өндүрүштөн кыскартылган.
ИИМ кылмыш иши козголгон 15 турак жай кооперативин атады. Тизме