Бишкекте тарыхы терең үч басылманын мааракесине карата көргөзмө ачылат

Иш-чарада басылмалардын тарых-таржымалы чагылдырылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Улуттук китепканада 11-апрель күнү "Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы" деген аталыштагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу "Кут Билим" медиа борбору билдирди.
Аталган иш-чара "Эл агартуу" журналынын 95, "Кут Билим" гезитинин 70 жана "Русский язык и литература в школах Кыргызстана" журналынын 65 жылдык мааракесине арналган. Анда бул басылмалардын тарых-таржымалы чагылдырылат.
1 / 2

"Кут Билим" гезити

2 / 2

"Эл агартуу" журналыны

Совет заманында негизделип, эгемендик доордо да үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан бул басылмалар ондогон жылдар бою билим берүү менен илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, улуттук педагогикалык акыл-ойдун өзүнчө бир интеллектуалдык казынасына айланган.
"Эл агартуу" илимий-педагогикалык жана методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылдын 5-майында "Жаңы маданият жолунда" деген ат менен жарыкка чыккан. Аны кыргыздын биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов баштаган Токчоро Жолдошев, Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов сыяктуу кыргыздын алгачкы интеллигенттери өз чөнтөктөрүнөн чогулткан каражатка чыгарышкан. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журнал болуп саналат. Алгачкы жооптуу редактору Тыныстанов экени белгилүү.
Мурдагы "Мугалимдер газетасы", азыркы "Кут Билим" 1953-жылы 7-апрелде жарык көргөн. Ошол тарыхый мааниси чоң окуянын башында белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков өзү турган. Гезиттин алгачкы редактору окумуштуу педагог Дүйшө Айтмамбетов болгон.
"Русский язык и литература в школах Кыргызстана" илимий-методикалык журналы 1958-жылы январь айында профессор Лев Шеймандын демилгеси менен жарык көрүп, көп жыл анын редакторлугу астында чыгып келди. Ал бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы орус тилин окуткан педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбасын пропагандалап, эң жаңы окуу лингводидактикалык, адабий дидактикалык жана агартуучулук материалдарды орус тилин жана адабиятын окуткан мугалимдерге жеткирип, оперативдүү методикалык жардам көрсөтүп келе жаткан илимий-методикалык эле эмес, академиялык жана предметтик-методикалык басылма болуп саналат.
Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги үч басылманын редакцияларын бириктирип, "Кут Билим" медиа борбору түзүлгөн.
Радио
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт