Радио

Тыныбекова: актердун жылдызы режиссерго жараша жанышы мүмкүн

Актриса Айдана Тыныбекова "Эфир" сериалына 16 жашында тартылганын, анда 23-25 жаштагы диктордун ролун аткаргандыгын айтты.
Sputnik
Ар бир режиссердун көз карашы ар кандай. Актриса болом дегендер бир кастингден болбосо, башка кастингден өтүп кетиши мүмкүн экенин Айдана Тыныбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, актриса болуу үчүн эң алгач каалоо керек.
"16 жашымда "Эфир" сериалына кастингден өткөндөн кийин биринчи коркуп, толкундандым. Ойной албай калсамчы деп тынчсыздандым. Кийин сериалды карап көрсөм ал жакта өзүмө ишеңкиребей ойногонумду сездим. Тартуу учурунда өзгөчө ыйлаган жерлерин аткаруу оор болду. Фильмде роль жаратууну каалагандар тынбай кастингдерге бара бериши керек. Учурда кастингдер да абдан көп өтүүдө. Ар бир режиссердун өз көз карашы бар. Каалоосу күч болгондор биринчи кастингден болбосо, экинчи кастингден өтүп калышы мүмкүн. Аракет жана каалоо кыялдардын ишке ашуусун шарттайт. "99 пайыз аракет, 1 пайыз талант" деп абдан туура айтылган экен", — деди актриса.
Ал "Эфир" сериалына тартылгандан кийин журналистика бөлүмүнө окууга тапшырганын, бирок 2-курс болгондо кайра башка бөлүмгө которулганын кошумчалады.