Бала кезден калган психологиялык жараатты кантип айыктырса болот? Жооп

Адистин айтымында, бала кезде кишиде ата-энеге таарынуу же бир нерседен чочуп калуу сыяктуу көйгөй пайда болуп, ал келечекте жашоосуна кесепетин тийгизип жүрө бериши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кичинекей кезде пайда болуп, ошол бойдон сакталып калган психологиялык жараатты кантип сакайтса болот? Бул суроого РИА Новости агенттигинин подкастында психолог, психология илимдеринин кандидаты Артур Тимофеев жооп берди.
Анын айтымында, бала кезден калган "тактарды" колдон келишинче психологдун жардамы менен жок кылууга аракет кылыш керек.
"Кичине кезде пайда болгон көйгөйдү ала турган болсок, ошол учур, окуя же ирмем толугу менен эсте калбашы мүмкүн. Бирок эс тутумдун тээ түпкүрүндө кишинин өзүнө байкалбай жата берет. Аны жоюу үчүн кайрадан эске салып, ошол учурга кайтып барып, мээни ошол жерден "оңдош" керек. Ал үчүн адис адамды өзгөчө бир абалга жеткире турган психологиялык ыкманы пайдаланат", — деди Тимофеев.
Анын айтымында, мындай болмоюнча көйгөйдөн арылуу мүмкүн эмес. Мисалы, чоң киши сыртынан "баарын унутам", "бактылуу жашайм", "өз жашоом өз колумда" деп айта бергени менен жан дүйнөдө эч кандай өзгөрүү болбойт.
Ийгиликтүү эркек аялдарда жактырган төрт сапат