Прокуратурадан тергөөнү алып, УКМК менен ИИМге берүү каралууда. Зулушевдин жообу

Депутат айтылып жаткан кептер боюнча башкы көзөмөл органынын пикирин сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Прокуратура органдарынан кылмыш ишин тергөө укугу кайрадан алынып, алар караган иштер УКМК менен ИИМге өткөрүп берилиши мүмкүн. Депутат Жанар Акаев ушундай кеп тарап жатканын айтып, бул боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевдин пикирин сурады.
Белгилей кетсек, учурда башкы прокурор парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине отчет берип жатат.
"Башкы прокуратурадан тергөөнү алып эки органга берүү же өзүнчө Тергөө департаментин түзүү боюнча сунуштар, иштер жүрүп жатат. Ал боюнча өлкө башчысы кандай чечим кабыл алса... Биз реформага муктажбыз, ошол боюнча оюбузду айтып, анан аракеттенсек болот да. Азыр иш-аракеттер, эч нерсе ачык жарыяланбагандыктан мен сизге так маалымат бере албайм", — деди Зулушев.
Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон. Ал эми былтыр жыл соңунда депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү функциясын ИИМ жана УКМКга өткөрүп берүү мыйзам долбоорун сунуштаган.
5,5 миллиард сом. Зулушев кайсы орган мамлекетке канча акча өндүргөнүн айтты