Аскерде кыйылган өмүрлөр: прокуратура 3 окуя боюнча иш козгоодон баш тартты

Бир иш боюнча гана тергөө аяктап, соттук кароого жиберилген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө 2022-жылы төрт аскер кызматкери өз өмүрүн кыйган окуя катталды. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте билдирди.
Анын айтымында, Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, үч факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Жоокерди "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча бир материал соттук кароого жиберилген.
Мындан сырткары, өз өмүрүнө кол салуу, зомбулук кылуу менен бийлигинен аша чабуу, уставдык эрежелердин бузулушуна жол бербөө үчүн быйыл үч айда күтүүсүз 36 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 32 укук бузуу аныкталып, беш кылмыш иши козголду. Прокурордук актылардын негизинде 26 жооптуу кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
5,5 миллиард сом. Зулушев кайсы орган мамлекетке канча акча өндүргөнүн айтты