ЖМК: Макрондун Тайвань боюнча кеби Европага залакасын тийгизиши мүмкүн

Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өткөн жылдын август айында аралга баргандан кийин курчуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Европа биримдиги Франциянын президенти Эммануэль Макрондун "Европа Тайвандан улам чыгып жаткан тирешүүгө аралашпашы керек" деген кеби Европа мамлекеттерине жана Украина — АКШ мамилелерине зыян келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу Financial Times жогорку даражалуу эки дипломатка шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады.
Эске салсак, Макрон Кытайга барып келгенден кийин Европа Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвандан улам чыгып жаткан тирешүүгө аралашпашы жана "америкалык ритмге" ыңгайлашпашы керек экенин айткан. https://sputnik.kg/20230410/makron-evropanyn-tayvandan-ulam-chykkan-kastashuuga-aralashkanyna-karshy-1074321151.html Ал европалыктар "ойгонуп" өз кызыкчылыктарын ойлошу керектигин белгилеген.
Дипломаттар Макрондун мындай комментарийи Европага, ошондой эле Украина менен АКШнын мамилелерине зыянын тийгизип, ЕБдин Пекинге карата бирдиктүү позициясын иштеп чыгууга тоскоолдук жаратарын айтышкан.
"Бул Сиден (Кытайдын төрагасы — ред.) башкасына жеңиш эмес", — деп дипломаттардын бири басылмага билдирген.
Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өткөн жылдын август айында аралга баргандан кийин курчуп кеткен. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн аралга келишин Тайвандын көз карандысыздыгын колдоо катары баалап келет.
Гондурас Кытай менен достошуп, Тайвань менен мамилесин үздү