Кыргызстан менен Россия абадан коргонуучу биргелешкен система түзүүгө белсенди

Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга 2022-жылдын 16-августунда кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. РФ өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуучу биргелешкен системасын түзүү жөнүндө макулдашууну Мамлекеттик Думага жана Федерация кеңешине ратификациялоого киргизүү үчүн президенттин кароосуна койду. Тиешелүү токтом укуктук маалымат порталына жарыяланды.
Анда Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2022-жылдын 16-августунда кол коюлган макулдашууну, тагыраагы, Биргелешкен регионалдык абадан коргонуучу система түзүүнү РФ өкмөтү жактырганы жазылган.
Эми парламент ратификациядан өткөрүшү шарт. Документти Мамдумага президент Владимир Путин сунуштайт.
Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер