Азия чемпионаты: Кыргызстан командасы грек-рим күрөшүнөн 2-орунду ээледи

Балбандар үч алтын, бир күмүш, үч коло медаль утуп кайтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи.
Улуттук команда мындай алдыңкы орунга жети балбандын ийгилиги менен жетти. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын медаль тагынды. Ал эми Үзүр Жүзүпбеков күмүш байгеге ээ болду. Бирок анын финалдагы күрөшү талаш жаратып, коомчулук "калыстар адилет караган жок" деп жатат. Себеби Үзүр 4:4 эсебинде артыкчылык менен бараткан, бүтөрүнө 17 секунда калганда ирандык атаандашы "бетиме сүздү" деп кармашты токтотту. Мындан улам калыстар кыргызстандык балбанга айып иретинде каршылашына 2 упай берген. Ал эми үчүнчү орунду Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков жана Роман Ким ээледи.
1 / 3

Жоламан Шаршенбеков

2 / 3

Акылбек Талантбеков

3 / 3

Үзүр Жусупбеков

Командалык эсепте биринчи орунга Иран, үчүнчүгө Казакстан командалары чыкты.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Бүгүн килемге кыз-келиндер чыгат.
Акылбек Талантбеков Кыргызстанга Азия чемпионатынан 3-алтын медалды алып берди