БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Камчаткада Шивелуч жанар тоосу ойгонуп, шейшемби күнү таңдан тарта атыла баштаган. Бул туурасында Усть-Камчатка районунун башчысы Олег Бондаренко билдирген.
"Саат 06:31де Шивелуч атылды. Күл жаайт, үйдө болуп тургула, бет кап кийгиле", — деп жазган Бондаренко Telegram каналына.
Ал эми Россиянын Илимдер академиясынын геофизика кызматынын Камчаткадагы филиалы жанар тоо саат 11-апрелде таңкы саат 5:44тө атылганын кабарлады.
Ал атылгандан кийин күлү 20 миң метрдей бийиктикке бүркүлгөн. Россия ӨКМи күл Камчатканын борбордук бөлүгүнө чейин жетерин божомолдоп жатат. Учурда мектептер жабылып, автоунаа кыймылы токтотулду.
Ал эми жарыяланган сүрөттөрдөн күл баскан аймактарды, автоунааларды, турак жайларды көрүүгө болот.
Шивелуч — Камчаткадагы ири жанар тоолордун бири. Вулканга эл жашаган Ключи (Усть-Камчатка) поселогу жакын жайгашкан. Калктуу пункт менен жанар тоонун түштүк-батыштагы аралыгы 47 чакырымды түзөт.