Коргонбай уулу качып кеткен Албек Ибраимовду кармап берерин айтты. Видео

Укук коргоо органдары таба албай жатса, депутат өзүнүн адамдары менен бат эле кармап берүүгө даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду өз алдынча кармап келүүгө уруксат сурады.
Белгилей кетсек, Ибраимов Октябрь окуясындагы башаламандык учурунда абактан чыгып, качып кеткен. Кийин ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
"Убагында Бишкек шаардык кеңешинде эки жолу депутат болгом, мен "Албек Ибраимов, сен уурусуң" деп ачык айтчу элем. Бирок ошол кезде саясий кысымдар менен мандатымдан ажыратып тынышкан. Азыр кылмыш иштери мойнуна коюлган, качып жүрөт. Эгер кармап алып келе албасаңар, мага бир шапалактай укук бергиле (уруксат кагазын), мен балдар менен барып өзүм тутуп алып келейин", — деди Коргонбай уулу.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев эгер кайсы жерде жүргөнү тууралуу маалыматы болсо укук коргоо органдарына беришин сунуштады. Алардын кармап келүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Депутаттыкка койсо да болобу? Опумбаев менен Жунушалиевге иш козголгон эмес