Азия чемпионатында Айпери күмүш, Калмира коло утту. Видео

Улуттук командадагы кыз-келиндер эртең дагы килемге чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында эки медаль утту.
76 килограмм салмак категориясы боюнча Айпери Медет кызы күмүш байгеге ээ болду. Ал финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөштү. Тилекке каршы, атаандашы Айперинин далысын жерге тийгизип, таза жеңиш менен утуп алды.
Ал эми 59 килограмм чен бирдикте Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды. Балбан казакстандык спортчу Диана Каюмованы утуп, үчүнчү орунду камсыздады.
Мээрим Жуманазарова коло үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен кармашты. Бирок ал күрөшүп жатканда жаракат алып, мурду канап кетти. Берилген убакыт ичинде мурдунан аккан кан токтобой койгондуктан беттеш токтотулду. Натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.
Кыргызстандык кыз-келиндер эртең дагы килемге чыгат. Арасында Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова бар.
Азия чемпионаты: Кыргызстан командасы грек-рим күрөшүнөн 2-орунду ээледи