БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Астанада эки күндөн бери митингге чыгып жаткан мунайчыларды күч түзүмдерү кармап кетти. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Кимдер митингге чыкты?
Мунайчылар кечээ Жанаозен шаарынан борборго барып Энергетика министрлигинин имаратынын алдында түнөп калышкан.
Митингге чыккандар — мурдараак “КазМунайГаз” улуттук компаниясынын туундуу фирмасынын мунай кызматтарын аткаруу тендеринен утулуп калган "БерАли Мангистау Company" уюмунун мурдагы жумушчулары.
Талаптары
1-апрелден тарта аларды орто эсеп менен 700 миң теңгени түзгөн эмгек акысын сактоо менен башка компанияга жумушка орноштуруу сунушталган.
Бирок "БерАли Мангистау Company" ишканасынын экс-жумушчулары андай шарттан баш тартып, тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылганын айтууда “КазМунайГаз”.
Кийинчерээк алардын талабы өзгөрүп, "Озенмунайгаз" акционердик коомуна ишке орноштуруу боюнча ультиматум койгон.
Борбор калаага келген иш таштоочулар менен сүйлөшүү үчүн атайын байланыш тобу түзүлгөн.
Кармоо
Бүгүн СОБР нааразычылык акциясына чыккандарга карата операция жүргүзүп, чекеден кармап кетти. Андан соң жеринде коммуналдык кызматтар иштеп баштады.
Кармоолор боюнча Жанаозендин реакциясы
Ал арада Жанаозендин тургундары акимиаттын алдына чогулуп, Астанада кармалгандарды бошотууну талап кылууда. Бул туурасында региондук Lada.kz порталы жазды.
Ошондой эле Жанаозендеги “БЖБ” мунай сервис ишканасы кармоолорго байланыштуу ишин токтоткону кабарланды. Нааразылардын катарына “Бургылау” компаниясынын жумушчулары дагы кошулган.